Окуу программасы жөнүндө
«Юриспруденция» багыты боюнча бакалаврларды даярдоо программасынын алкагында жарандык-укуктук маселелерди кесипкөйлүк менен чече алган жогорку квалификациялуу юристтер даярдалат. Окуу учурунда студенттер мүлктүк жүгүртүү жана ишкердик ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдерди натыйжалуу колдонуу көндүмдөрүнө ээ болушат.
Окуу мезгилинде студенттер Юридикалык клиникада укуктук жардам көрсөтүү боюнча практикалык көндүмдөрдү ала алышат. Сабактарды практикалык тажрыйбасы бар адистер өткөрүшөт.











