Окуу программасы жөнүндө
«ДИЗАЙН» даярдоо багыты боюнча билим берүү программалары графикалык дизайн жаатында жогорку квалификациялуу, практикага багытталган адистерди кесиптик жактан даярдоого багытталган. Студенттер искусство менен дизайндын тарыхы жана алардын өнүгүүсүнүн заманбап багыттары, дизайн-долбоорлорду иштеп чыгуунун чыгармачыл технологиялары, графикалык программалар топтомдорун кесипкөйлүк менен колдонуу, полиграфиялык жана визуалдык продукцияны түзүүнүн, визуалдык коммуникация жана бренддерди идентификациялоо системаларынын эң заманбап каражаттары, ошондой эле маалымат алып жүрүүчү менен колдонуучунун өз ара аракеттенүүсүнө негизделген digital-дизайн жааты боюнча кеңири билим алышат.











