Окуу программасы жөнүндө
Билим берүү программасы өнүмдөр, кызматтар жана технологиялар рынокторун изилдөө жана талдоо; өнүмдөрдү, кызматтарды жана технологияларды сатууну алдыга жылдыруу жана уюштуруу; долбоорлорду башкаруу, башкаруучулук чечимдерди контролдоо жана маалыматтык-аналитикалык колдоо көрсөтүү, тобокелдиктерди башкаруу боюнча консалтинг чөйрөлөрүндө адистерди даярдоого багытталган. Программа экономикалык теория жана башкаруу жаатындагы студенттердин теориялык даярдыгын практикага багытталган окутуу менен айкалыштырат. Илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн калыптандыруу үчүн студенттер эл аралык, улуттук илимий-практикалык конференцияларга, илимий-билим берүү форумдарына, тегерек столдорго катышууга тартылат.










