Окуу программасы жөнүндө
Программа билим берүүнү башкаруу тармагында ар кандай деңгээлдеги адистерди даярдоого багытталган. Студенттер менеджменттин негиздери, билим берүүнү башкарууга болгон мамилелер, персоналды башкаруу, изилдөө методологиясы боюнча билим алышат; билим берүү саясатын түзүүгө таасир этүүчү факторлорду анализдөөнү, уюмдун ишин пландаштырууну, мотивациялоону, уюштурууну жана көзөмөлдөөнү, иш кагаздарын жүргүзүүнү, башкарууда ИКТти колдонууну ж.б. үйрөнүшөт.










