Окуу программасы жөнүндө
Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү жарандардын ден соолугун коргоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган медициналык-кибернетикалык изилдөөлөрдү, ошондой эле медицинада компьютердик технологиялар жаатындагы негизги жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү аткарууну, медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, медицинада маалыматтык технологиялар жана системаларды иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү камтыйт. Бүтүрүүчү, Медициналык кибернетика адистиги боюнча, маалыматтык-технологиялык колдоо көрсөтүү, илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү, саламаттыкты сактоо жаатындагы системалык-аналитикалык маселелерди чечүү боюнча эмгек функцияларын аткара алат.









