Окуу программасы жөнүндө
Экономиканын жогорку технологиялык секторлору үчүн ар кандай татаалдыктагы өндүрүштүк жана административдик процесстерди натыйжалуу башкара алган жетекчи-менеджерлерди даярдоо.
Инноватика жаатындагы адистер — ишканалардын, тармактардын жана өлкө аймактарынын инновациялык өнүгүшүнө байланыштуу маселелерди чечкен инженер-менеджерлер. Алар атаандаштыкка жөндөмдүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө, инновациялык ишмердикти ченемдик-укуктук, финансылык жана илимий-техникалык жактан камсыз кылууга багытталган инновациялык долбоорлорду жана башка иштерди башкарат.









