Окуу программасы жөнүндө
Бул программа абитуриенттер арасында суроо-талапка ээ болуп, кийинки кесиптик саясат таануу ишмердиги үчүн зарыл болгон теориялык жана практикалык билимдерге ээ студенттерди даярдоого багытталган. Окуу процессинде студенттерде лидерлик сапаттар, логикалык ой жүгүртүү жана коммуникациялык көндүмдөр өнүгөт, командада иштөө жана чоң көлөмдөгү маалымат менен иштөө жөндөмү калыптанат. Билим берүү программасын өздөштүрүүнүн бүткүл мезгилинде студенттер саясат таануу чөйрөсүндөгү уюштуруучулук-башкаруучулук жана маалыматтык-коммуникациялык ишмердикке катышат.









