Окуу программасы жөнүндө
Бул программаны өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкү кесиптик ишмердик чөйрөлөрүндө (тармактарында) кесиптик иш жүргүзө алат: маданият, искусство; административдик-башкаруу жана кеңсе ишмердиги; финансы жана экономика; сервис, калкка кызмат көрсөтүү. Бул программа бүтүрүүчүнү кесиптик ишмердиктин уюштуруу-башкаруу, долбоордук, сервистик жана изилдөөчүлүк милдеттерин аткарууга даярдайт.









