Окуу программасы жөнүндө
Бакалавриат программасы «Өнөр жай ишканаларын, шаарларды жана айыл чарбасын электр менен камсыздоо» багыты боюнча электр менен камсыздоо системаларын долбоорлоо, натыйжалуу иштөө режимдерин камсыздоо, электр менен камсыздоо системаларынын электр жабдууларын монтаждоо, тейлөө жана оңдоо боюнча адистерди даярдоого багытталган.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Программанын бүтүрүүчүлөрү электр камсыздоо системаларын долбоорлоо, натыйжалуу иштөө режимдерин камсыздоо, электр камсыздоо системаларынын электр жабдууларын монтаждоо, тейлөө жана оңдоо менен алектенишет. Энергетикалык компанияларда, өнөр жай ишканаларында, долбоордук жана эксплуатациялык уюмдарда иштей алышат.