Окуу программасы жөнүндө
Программа пациентти кароо жүргүзүү, жалпы соматикалык оорунун алдын ала диагнозун коюу, шашылыш жана өмүргө коркунуч туудурган абалдарда биринчи жардам көрсөтүүдө негизги дарылоочу-диагностикалык иш-чараларды аткаруу, пациентти тиешелүү адистерге жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү калыптандырууга багытталган.
Лекцияларды жана практикалык сабактарды аймактын алдыңкы дарыгерлери эң жаңы билим берүү технологияларын колдонуу менен өткөрүшөт. Окуунун жогорку курстарында институттун клиникалык базаларында окуу процессин уюштуруунун циклдик системасы иштейт.







