Окуу программасы жөнүндө
Бул смартфондор үчүн (iOS, Android), сайттар жана веб-кызматтар үчүн программалык камсыздоону түзгөн адистерди даярдаган заманбап жана суроо-талап жогору багыт болуп, IT боюнча терең билимди маалыматтарды талдоо, долбоорлоо жана долбоорду башкаруу көндүмдөрү менен айкалыштырып, бизнестин реалдуу маселелерин чечүүгө жардам берет. Бүтүрүүчүлөр смартфондор, планшеттер жана веб-сайттар үчүн тиркемелерди иштеп чыгуу үчүн керектүү билим жана көндүмдөргө ээ болушат. Алар программалоо тилдерин, интерфейсти долбоорлоо куралдарын жана программалык камсыздоону тестирлөө ыкмаларын үйрөнүшөт.







