Окуу программасы жөнүндө
Хор жана ансамбль топторунун жетекчилерин, дирижёрлорду, хормейстерлерди, хор жана ансамбль артисттерин, окутуучуларды даярдоо программасы. Практикага багытталган программа. Ар бир студент жекече жана топтук практикалык сабактарда, чыгармачыл долбоорлорду жана концерттик аткарууларды даярдоодо кесиптик билим жана көндүмдөрдү алат. Программанын бүтүрүүчүсү төмөнкүлөргө даяр: музыкалык аткаруучулук ишмердикке, музыкалык маданият жаатында агартуу ишин жүргүзүүгө, жаш музыканттарды окутууга жана тарбиялоого, чыгармачыл жамаатты башкарууга, кесиптик ишмердиктин милдеттерин чечүүгө.









