Окуу программасы жөнүндө
Студенттер төмөнкүлөрдү окушат:
- энергияны өзгөртүү ыкмаларынын теориялык негиздерин;
- электр энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү технологиясын;
- электр энергетикасы жана электротехника түзүлүштөрүндөгү физикалык кубулуштарды жана процесстерди, ошондой эле аларды математикалык сүрөттөө ыкмаларын;
- электр станциялары менен тармактарынын электр бөлүгүнүн негизги жабдууларын, салттуу эмес энергия булактарынын түзүлүштөрүн;
- электр энергетика системаларынын релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүн;
- энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана энергияны натыйжалуу өзгөртүү процесстерин;
- электротехникалык системаларды пайдалануу жана долбоорлоо негиздерин;








