Окуу программасы жөнүндө
Багыт боюнча кесиптик ишмердик чөйрөсү: мунай-газ жабдууларын диагностикалоо, техникалык тейлөө, оңдоо жана пайдалануу боюнча иштердин аткарылышын камсыз кылуу; машиналардын, конструкциялардын, композиттик түзүлүштөрдүн, курулмалардын, орнотмолордун, агрегаттардын, жабдуулардын, аспаптардын жана аппараттардын, ошондой эле алардын элементтеринин зарыл болгон динамикасын, бекемдигин, туруктуулугун, сарамжалдуу оптималдаштырылышын, узак мөөнөттүү кызмат өтөөсүн, ресурсун, жашап кетүү жөндөмдүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу; колдонмо механика жаатында илимий изилдөөлөрдүн элементтери камтылган эсептик-эксперименттик иштерди жүргүзүү; жаңы техниканы жана технологияларды иштеп чыгуу жана долбоорлоо.








