Окуу программасы жөнүндө
Багыт боюнча кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү: өнөр жай жана коргонуу тармактарында, экономикада, транспортто, айыл чарбасында жана медицинада башкаруу системаларын жана каражаттарын долбоорлоо, изилдөө, өндүрүү жана пайдалануу; автоматтык жана автоматташтырылган башкаруу системаларын изилдөө жана долбоорлоо, контролдоо, техникалык диагностикалоо жана өнөр жайлык сыноодон өткөрүү үчүн заманбап программалык жана аппараттык каражаттарды түзүү.








