Окуу программасы жөнүндө
«Мунай-газ иши» багыты боюнча билим берүү программасы мунай менен газды чалгындоо, өндүрүү жана ташуу, ошондой эле мунай-газ өндүрүшүнүн технологиялык объектилерин тейлөө жаатында адистерди даярдоого багытталган. Бул багыт мунай-газ тармагындагы иштин геологиялык, техникалык, технологиялык жана экономикалык аспектилерин камтыйт.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Жаш адистер төмөнкү кызматтарга талапкер боло алышат: мастер, бургулоочу, мунай жана газ өндүрүү боюнча оператор, супервайзер (өндүрүү боюнча мастер), башкы курулмалардын лаборанты, мастер же оператор, инженер жана техник. Илимий-изилдөө ишмердигин тандагандар үчүн долбоорлоо жана илимий-изилдөө институттары менен бюролорунун эшиги ачык. Бул жерде алар инженер, адис, техник, лаборант же кенже илимий кызматкер болуп иштей алышат.