Окуу программасы жөнүндө
Магистратура программасын өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш чөйрөсү колдонуудагы технологияларды жана өндүрүштөрдү автоматташтырууга, ошондой эле жаңы автоматташтырылган жана автоматтык технологияларды жана өндүрүштөрдү түзүүгө багытталган илим менен техниканын каражаттарынын, ыкмаларынын жана методдорунун жыйындысын; ар кандай функционалдык багыттагы продукцияга, анын жашоо циклине, ошондой эле аны иштеп чыгуу, даярдоо, сапатын башкаруу, колдонуу (керектөө), ташуу жана утилдештирүү процесстерине карата ченемдерди, эрежелерди жана талаптарды негиздөөнү, иштеп чыгууну, ишке ашырууну жана контролдоону; ар кандай багыттагы автоматташтыруу жана башкаруу каражаттарын жана системаларын, анын ичинде продукциянын жашоо циклине жана анын сапатына байланышкан каражаттарды жана системаларды иштеп чыгууну жана изилдөөнү камтыйт.








