Окуу программасы жөнүндө
Магистратура программасын өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин чөйрөсүнө физикалык, физика-химиялык жана химиялык процесстер аркылуу заттарды жана материалдарды алуу ыкмалары, усулдары жана каражаттары; алардын негизинде ар кандай багыттагы буюмдарды өндүрүү; негизги органикалык эмес заттарды, курулуш материалдарын, негизги жана майда органикалык синтездин продуктуларын, полимердик материалдарды, мунайды, газды жана катуу отунду кайра иштетүү продуктуларын, дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканаларды түзүү, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо кирет.








