Окуу программасы жөнүндө
Программа: «Мунай жана газ кендерин өздөштүрүү»
Кесиптик ишмердик чөйрөсү:
- мунай-газ тармагындагы илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар;
- мунай жана газ кендерин долбоорлоонун жана конструкциялоонун методологиясы менен ыкмалары;
- мунай-газ тармагындагы технологиялык процесстерди жана өндүрүштөрдү башкаруу;
- мунайды жана газды казып алуу жана кайра иштетүү;
- мунай-газ тармагындагы инновациялык иштеп чыгуулар;
- мунай-газ өндүрүшүнүн процесстерин башкаруунун теориялык жана практикалык аспектилери;
- татаал системаларды математикалык моделдөө;
- жер казынасынан углеводороддорду алуу учурунда жер казынасын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде табигый-техногендик системаларды долбоорлоо, мониторинг жүргүзүү жана башкаруу.








