Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу
Карьера борбору — студенттерге жумушка орношууга көмөктөшүү, кесиптик багыт берүү жана практикалык даярдык маселелери боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн университеттин бөлүмү.
Жумушка орношуудагы жардам
Бүтүрүүчүлөргө жана окуп жаткан студенттерге туруктуу жана убактылуу жумуш табууга көмөк көрсөтүү;
Кесиптик багыт берүүнү, социалдык адаптацияны жана психологиялык колдоону уюштуруу;
Юридикалык консультация берүү жана резюме түзүүгө жардам көрсөтүү.
Бүтүрүүчүлөр үчүн (5-курстун студенттери):
Карьера күндөрү — өзүнчө ишкана үчүн уюштурулган бош орундардын чакан жарманкелери;
Маалыматтык кызматтар жарманкеси;
Бош жумуш орундарынын жарманкелери;
«Бүтүрүүчү студенттерди эмгек рыногунун заманбап шарттарына адаптациялоо» программасы боюнча теориялык курс.
Иш берүүчүлөр үчүн:
Коюлган талаптарга так ылайык зарыл адистерди тандоого жардам берүү;
Бош жумуш орундарынын жарманкелерин өткөрүү;
Сиздин ишканаңыздын Карьера күндөрүн өткөрүү;
Ишканалардын адистерге болгон муктаждыгы жөнүндө маалыматты бош жумуш орундарынын компьютерлештирилген маалымат базасына жана адистештирилген стенддерге жайгаштыруу.











