Окуу программасы жөнүндө
«Математиканы жана информатиканы окутуу» багыты бар бул программа математикасынын фундаменталдык бөлүктөрүн терең үйрөнүүгө, билим берүү мекемелеринде математикалык жана маалыматтык дисциплиналарды окутуу ыкмаларына, ошондой эле окуу процессинде заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга багытталган дисциплиналарды камтыйт. Программанын максаты — математика жана информатика жаатында окутуучулук ишмердүүлүктү жүргүзө алган, билим берүү программаларын иштеп чыгып жана ишке ашыра алган, окутууда заманбап ыкмаларды жана санариптик технологияларды колдоно алган, ошондой эле окуучуларда логикалык жана алгоритмдик ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрө алган педагогдорду даярдоо.









