Окуу программасы жөнүндө
Бакалавриат программасын өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү болуп төмөнкүлөр саналат: -сервис, калкка кызмат көрсөтүү (соода, техникалык тейлөө, оңдоо, жеке кызматтарды көрсөтүү, меймандостук кызматтары, коомдук тамактануу жана башкалар) (транспорт каражаттарын сатуу жана техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин уюштуруу чөйрөсүндө). Бакалавриат программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө төмөнкү типтеги маселени чечүүгө даяр: -сервис-эксплуатациялык.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Автомеханик/Диагностик Мастер-кабыл алуучу: кардарлар менен баарлашуу, буйрутмаларды кабыл алуу, иштердин аткарылышын көзөмөлдөө. Кепилдик боюнча инженер: кепилдик шарттарынын сакталышын текшерүү, авто өндүрүүчүнүн өкүлдөрү менен баарлашуу. Запастык бөлүктөр боюнча менеджер: кампа менен иштөө, аналогдорду тандоо, запастарды оптималдаштыруу.