Окуу программасы жөнүндө
Бакалавриат программасын өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү – бул өнөр жайдагы кесиптик ишмердүүлүктүн өтмө түрлөрү (өлчөөчү маалыматтарды алуу жана колдонуу, техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу; энергетика өнөр жайы; аэрокосмос өнөр жайы; нанотехнология өнөр жайы; биотехнология өнөр жайы; бузбай турган көзөмөл). Бакалавриат программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө төмөнкү типтеги маселелерди чечүүгө даяр: -долбоордук-конструктордук; -уюштуруу-башкаруу; -өндүрүштүк-технологиялык; -сервистик-эксплуатациялык.











