Окуу программасы жөнүндө
Ишмердүүлүк чөйрөсү: -финансы жана экономика (тармактары: изилдөө, анализ жана микродеңгээлдеги жана макродеңгээлдеги социалдык-экономикалык процесстерди жана кубулуштарды эксперттик-аналитикалык кызматтарда (экономикалык анализ борборлорунда, өкмөттүк сектордо, коомдук уюмдарда) болжолдоо; продукция жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү, анын ичинде продукция жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талапты анализдөө жана алардын учурдагы жана келечектеги сунуштарын баалоо. Программаны өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкү типтеги тапшырмаларды чечүүгө даяр: -аналитикалык; -уюштуруучулук-башкаруучулук; -финансылык; -эсептик-экономикалык.











