Окуу программасы жөнүндө
Бакалавриат программасын өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү болуп төмөнкүлөр саналат: -финансы жана экономика (тармактары: микро деңгээлде жана макро деңгээлде эксперттик-аналитикалык кызматтарда (экономикалык анализ борборлорунда, өкмөттүк сектордо, коомдук уюмдарда) социалдык-экономикалык процесстерди жана кубулуштарды изилдөө, талдоо жана божомолдоо; продукция жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү, анын ичинде продукция жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талапты талдоо жана алардын учурдагы жана келечектеги сунуштарын баалоо). Бакалавриат программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө төмөнкү типтеги маселелерди чечүүгө даяр: -аналитикалык; -уюштуруучулук-башкаруучулук; -финансылык; -эсептик-экономикалык.











