Окуу программасы жөнүндө
Адистик программасын өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү болуп төмөнкүлөр саналат: - транспорт (инженердик изилдөөлөр, долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, оңдоо жана реконструкциялоо чөйрөсүндө транспорттук курулуштар жана транспорттук инфраструктура объектилери). Адистик программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө төмөнкү типтеги маселелерди чечүүгө даяр: - өндүрүштүк-технологиялык; - уюштуруу-башкаруу; - долбоордук-изилдөө; - долбоордук-конструктордук.