Окуу программасы жөнүндө
Окуу максаттары: - өзгөчө табигый-климаттык, сейсмикалык курулуш шарттары жана техногендик таасирлери бар аймактарда имараттарды жана курулуштарды долбоорлоо/куруу/эксплуатациялоо боюнча билим жана көндүмдөрдү алуу; - кабыл алынган долбоордук/курулуш чечимдеринин сапатын жогорулатууга, прогрессивдүү конструкцияларды, ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө багытталган изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген билим алуу. Ишмердүүлүк чөйрөсү: -архитектура, долбоорлоо, геодезия, топография жана дизайн (курулуш объектилерин долбоорлоо жана инженердик-геодезиялык изилдөөлөр чөйрөсү); - кесиптик ишмердүүлүктүн жана өнөр жайдын ар түрдүү түрлөрү.