Окуу программасы жөнүндө
Окутуунун максаттары: - бүтүрүүчүлөр башкаруу аппаратынын ар кандай кызматтарында аткаруучу/жетекчи катары иштеген ар кандай уюштуруучулук-укуктук формадагы уюмдарда ишмердүүлүккө даярдоо; - бүтүрүүчүлөр өз ишин түзүп жана өнүктүрүп жаткан ишкерлер болуп саналган түзүмдөрдө ишкердик, уюштуруучулук ишмердүүлүккө даярдоо; - башкаруучулук маселелерди чечүү менен байланышкан илимий уюмдарда илимий-изилдөө, маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүккө даярдоо; - глобалдык тармакта ишканалардын маркетингдик ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо, атаандаштык талдоо жаатында билимдерди, жөндөмдөрдү, көндүмдөрдү түзүү.