Окуу программасы жөнүндө
Аспирант илимий жетекчинин жетекчилиги алдында кандидаттык диссертацияны коргоого даярдоо максатында илимий-изилдөө ишин жүргүзөт. Аспирантура программасынын илимий компоненти диссертациянын негизги илимий натыйжалары баяндалган публикацияларды рецензиялануучу илимий басылмаларда, аларга теңештирилген илимий басылмаларда жарыялоого даярдоону жана/же интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларын мамлекеттик каттоого берүү үчүн арыздарды даярдоону камтыйт. Аспирантура программасынын билим берүү компоненти дисциплиналарды жана илимий-педагогикалык практиканы, ошондой эле аталган дисциплиналар жана практика боюнча аралык аттестацияны камтыйт.












