Окуу программасы жөнүндө
Аспирант илимий жетекчинин жетекчилиги алдында кандидаттык диссертацияны коргоого даярдоо максатында илимий-изилдөө ишин жүргүзөт. Аспирантура программасынын илимий компоненти диссертациянын негизги илимий натыйжалары баяндалган макалаларды рецензиялануучу илимий басылмаларда, аларга теңештирилген илимий басылмаларда жарыялоого даярдоону жана (же) интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларын мамлекеттик каттоого алуу үчүн арыздарды даярдоону камтыйт. Аспирантура программасынын билим берүү компоненти окуу сабактарын жана илимий-педагогикалык практиканы, ошондой эле көрсөтүлгөн сабактар жана практика боюнча аралык аттестацияны камтыйт.












