Окуу программасы жөнүндө
Аспирант илимий жетекчинин жетекчилиги астында кандидаттык диссертациясын коргоого даярдоо максатында илимий-изилдөө ишин жүргүзөт. Аспирантура программасынын илимий компоненти диссертациянын негизги илимий натыйжалары баяндалган публикацияларды рецензиялануучу илимий басылмаларда, аларга теңештирилген илимий басылмаларда жарыялоого даярдоону жана (же) интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларын мамлекеттик каттоого алуу үчүн өтүнмөлөрдү даярдоону камтыйт. Аспирантура программасынын билим берүү компоненти сабактарды жана илимий-педагогикалык практиканы, ошондой эле көрсөтүлгөн сабактар жана практика боюнча аралык аттестацияны камтыйт.












