Окуу программасы жөнүндө
Аспирант илимий жетекчинин жетекчилиги астында кандидаттык диссертацияны жактоого даярдоо максатында илимий-изилдөө ишин жүргүзөт. Аспирантура программасынын илимий компоненти диссертациянын негизги илимий натыйжалары баяндалган макалаларды рецензиялануучу илимий басылмаларда, аларга теңештирилген илимий басылмаларда жарыялоого даярдоону жана (же) интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларын мамлекеттик каттоого алуу жөнүндө өтүнмөлөрдү даярдоону камтыйт. Аспирантура программасынын билим берүү компоненти окуу дисциплиналарын жана илимий-педагогикалык практиканы, ошондой эле көрсөтүлгөн дисциплиналар жана практика боюнча аралык аттестацияны камтыйт.












