Окуу программасы жөнүндө
Аспирант илимий жетекчинин жетекчилиги астында кандидаттык диссертациясын коргоого даярдоо максатында илимий-изилдөө ишин жүргүзөт. Аспирантура программасынын илимий компоненти диссертациянын негизги илимий натыйжалары баяндалган публикацияларды рецензиялануучу илимий басылмаларда, аларга теңештирилген илимий басылмаларда даярдоону жана (же) интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын мамлекеттик каттоого алуу үчүн өтүнмөлөрдү берүүнү камтыйт. Аспирантура программасынын билим берүү компоненти дисциплиналарды жана илимий-педагогикалык практиканы, ошондой эле көрсөтүлгөн дисциплиналар жана практика боюнча аралык аттестацияны камтыйт.












