Окуу программасы жөнүндө
Аспирант илимий жетекчинин жетекчилиги астында кандидаттык диссертацияны коргоого даярдоо максатында илимий-изилдөө ишин жүргүзөт. Аспирантура программасынын илимий компоненти диссертациянын негизги илимий натыйжалары баяндалган жарыяланмаларды рецензияланган илимий басылмаларда, аларга теңештирилген илимий басылмаларда жана (же) интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларын мамлекеттик каттоого берүү үчүн өтүнмөлөрдү даярдоону камтыйт. Аспирантура программасынын билим берүү компоненти окуу дисциплиналарын жана илимий-педагогикалык практиканы, ошондой эле көрсөтүлгөн дисциплиналар жана практика боюнча аралык аттестацияны камтыйт.












