Окуу программасы жөнүндө
Билим берүү программасы дене тарбия, жашоо коопсуздугу жана баштапкы аскердик даярдык боюнча билим берүү тармагында жогорку квалификациялуу, компетенттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү кесипкөйлөрдү даярдоого багытталган. Кафедранын окутуучулар штаты докторлук жана илимдин кандидаты илимий даражалары бар жогорку квалификациялуу педагогдорду камтыйт. Окуу иштерине алдыңкы билим берүү мекемелеринде иш алып барган адистер тартылат.









