Окуу программасы жөнүндө
Программанын негизги милдети заттын конденсацияланган абалындагы физика маселелерин натыйжалуу чече алган жана физика жаатында өз алдынча педагогикалык ишмердүүлүккө даяр адистерди даярдоо болуп саналат. Негизги окуу дисциплиналары: «Математика» модулу; «Жалпы жана эксперименталдык физика» модулу; «Теориялык физика» модулу; «Астрономия» модулу; «Физикалык электроника» модулу; «Физикада компьютердик моделдөө» модулу; «Эсептөө физикасынын негиздери» модулу; «Методикалык-педагогикалык» модулу; «Окутуу-изилдөө» модулу.









