Окуу программасы жөнүндө
Программа аппараттык жана техникалык каражаттарды, компьютерлердин архитектурасын, компьютердик тармактарды жана жогорку өндүрүмдүү эсептөө системаларын долбоорлоо, ошондой эле эсептөө техникасы жана компьютердик тармактар үчүн системалык программалык камсыздоону иштеп чыгуу жаатында адистерди даярдоого багытталган. Студенттер санариптик түзүлүштөрдү автоматташтырылган долбоорлоо системаларын, аларды тестирлөө, мониторинг жүргүзүү, диагностикалоо жана контролдоо каражаттарын үйрөнүшөт. Бүтүрүүчүлөр инженердик даярдыкка, ошондой эле санариптик түзүлүштөрдү долбоорлоо жана программалоо боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушат. Ошондуктан алар мамлекеттик мекемелерде жана IT-компанияларда маалыматтык технологиялар инфраструктурасын башкаруу жаатындагы жетекчилик кызматтарга талап кылынган адистер болуп саналат.












