Окуу программасы жөнүндө
Бул билим берүү багытынын алкагында илимдин жана техниканын ар түрдүү тармактарында, анын ичинде татаал техникалык системаларда жана технологиялык процесстерде сапатты пландаштыруу жана башкаруу милдеттерин чече алган адистер даярдалат. Алар илимий жактан негизделген башкаруу чечимдерин кабыл алууга жана өндүрүлгөн продукциялардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ишкананын ишин уюштурууга жөндөмдүү. Алар техникалык контролдоо жана аудит каражаттарын колдонуу менен сапатты баалоо методикаларын, ошондой эле стандартташтыруу боюнча документтерди иштеп чыгуу технологияларын өздөштүрүшөт. Бүтүрүүчүлөр радиоэлектрондук продукциянын сапатын анын жашоо циклинин бардык этаптарында баалоого жана контролдоого жөндөмдүү.












