Окуу программасы жөнүндө
Системалык талдоо жана башкаруу — ар түрдүү ишмердик чөйрөлөрүндө татаал системаларды талдоого, түзүүгө жана колдонууга багытталган принциптердин, методдордун жана ыкмалардын жыйындысын камтыган илим жана техника тармагы.
Системалык талдоо жана башкаруу багыты боюнча бакалавр төмөнкү кесиптик ишмердиктин түрлөрүнө ыңгайлаша алат:
sистемалык долбоорлоо жана башкаруу;
sистемалык программалоо;
долбоорлорду системалык талдоо.
Адистиктин эң маанилүү өзгөчөлүгү — системаларды талдоонун жана моделдөөнүн математикалык методдорун, ошондой эле заманбап компьютердик технологияларды терең үйрөнүүгө негизделген бекем фундаменталдык билим берүү бөлүгү












