Окуу программасы жөнүндө
Магистрдик программа коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, бизнес жана мамлекеттик түзүмдөр үчүн коомчулук менен байланыш жана жарнама технологиялары жаатында практик адистерди даярдоону көздөйт. Программа заманбап мультимедиялык технологияларды колдонуу менен коммерциялык жана социалдык объектилерди илгерилетүү чөйрөсүндө келечектеги кесиптик ишмердигин байланыштырган жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн кеңири аудиториясына багытталган. Программа кесиптик ишмердигин баштап, мындан аркы карьералык өсүүгө умтулгандар үчүн да арналган. Программанын артыкчылыгы — IT чөйрөсүндө карьерасын курууга багытталган эксперттерди даярдоону көздөгөнүндө.












