Окуу программасы жөнүндө
«Экономика» даярдоо багыты боюнча төмөнкү билим берүү программалары ишке ашырылат: Ишканалардын жана уюмдардын экономикасы; Финансы жана кредит; Финансылык жана башкаруу эсеби, талдоо жана аудит; Маркетинг жана рыноктук аналитика.
Программа бизнестин финансылык абалын баалоого, рыноктогу тенденцияларды болжолдоого жана өнүгүү стратегияларын иштеп чыгууга жөндөмдүү аналитиктерди жана башкаруучуларды даярдайт.












