Окуу программасы жөнүндө
Окуу учурунда студенттер ар кандай багыттагы электрондук түзүлүштөрдү өндүрүү, колдонуу жана долбоорлоо жаатындагы заманбап технологияларды жана билимдерди өздөштүрүшөт. Бул билимдерди жана көндүмдөрдү заманбап электроника жана компьютердик техника колдонулган ишканаларда пайдаланууга болот. Заманбап программалык продуктуларды үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Адистиктин кеңири профили бүтүрүүчүлөрдүн заманбап эмгек рыногунун динамикалуу талаптарына тез ыңгайлашуусуна өбөлгө түзөт. Бүтүрүүчүлөр электроника, электротехника жана радиоөнөр жай ишканаларында, энергетика тармагында, электрондук жабдууларды жана компьютердик техниканы колдонгон мамлекеттик уюмдарда жана коммерциялык компанияларда, анын ичинде уюлдук байланыш компанияларында, радиоэлектрондук аппаратураны оңдоо жана тейлөө менен алектенген фирмаларда иштей алышат