Окуу программасы жөнүндө
«Биотехникалык системалар жана технологиялар» даярдоо багыты боюнча магистранттардын кесиптик ишмердигинин чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет: түзүмүнө ар кандай тирүү системалар кирген техникалык системалар жана технологиялар чөйрөсү, ошондой эле тирүү системалардын абалын көзөмөлдөө жана башкаруу, алардын жашоо-турмушун камсыз кылуу, адамдын эмгек ишмердиги үчүн оптималдуу шарттарды сактоо менен байланышкан системалар жана технологиялар.
«Биотехникалык системалар жана технологиялар» багыты боюнча магистранттардын кесиптик ишмердигинин объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
медициналык-биологиялык жана экологиялык багыттагы приборлор, системалар жана комплекстер;
медициналык, экологиялык жана эргономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн ыкмалары жана технологиялары;
aвтоматташтырылган иштетүү системалары












