Окуу программасы жөнүндө
Көпүрө куруу боюнча адистер көпүрөлөрдү, көпүрө өтмөктөрүн, туннелдерди жана башка транспорттук курулмаларды долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга байланыштуу маселелерди чечүүгө жөндөмдүү жана төмөнкү кесиптик милдеттерди аткарууга даярдалган:
«Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук туннелдерди куруу» адистиги боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашыруу;
теманын айрым бөлүмдөрү (этаптары, тапшырмалары) боюнча жооптуу аткаруучу катары же илимий жетекчи менен биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; татаал эксперименттердин жана байкоолордун натыйжаларын алуу, иштеп чыгуу жана талдоо;
изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын пландарын жана методикалык программаларын түзүүгө катышуу.












