Окуу программасы жөнүндө
Гастроэнтерология — медицинанын эң тез өнүгүп жаткан жана келечектүү тармактарынын бири. Гастроэнтеролог — ашказан-ичеги жолунун ооруларын диагностикалоо, дарылоо жана алдын алуу менен алектенген адис. Гастроэнтерология кеңири билим спектрин камтыйт жана проктология, колопроктология, гепатология, панкретология жана башка бир нече багыттарга бөлүнөт.









