Окуу программасы жөнүндө
Психиатр дарыгери муктаж болгон бейтаптарга психиатриялык жардам көрсөтөт, ошондой эле калктын психикалык саламаттыгын коргоого жана чыңдоого көмөктөшөт. Психиатр заманбап психиатрия боюнча билимдерди жана кесиптик көндүмдөрдү колдонуу менен психикалык бузулууларды жана жүрүм-турум бузулууларын диагностикалоо, дарылоо, реабилитациялоо жана алдын алуу менен алектенет. Бул татаал жана маанилүү медициналык билимди колдонуу тармагында керектүү компетенцияларды алуу үчүн ординатурада «Психиатрия» адистиги боюнча окууну ийгиликтүү аяктоо керек.









