Окуу программасы жөнүндө
«Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» билим берүү программасы жаңы технологиялык платформаларда иштөө үчүн бухгалтердик эсеп, прикладдык экономикалык талдоо, тышкы жана ички аудит жаатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган. Студенттер экономикалык жана финансылык маалымат менен натыйжалуу иштөөнү; негиздүү башкаруучулук, финансылык жана уюштуруучулук чечимдерди кабыл алууну; уюмдардын ишинин натыйжаларына комплекстүү баа берүүнү үйрөнүшөт. Күндүзгү окуу формасында «Экономика» багытында билим алган студенттер «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» профилин 2-курста тандашат.











