Окуу программасы жөнүндө
«Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» билим берүү программасы жаңы технологиялык платформаларда иштөө үчүн бухгалтердик эсеп, прикладдык экономикалык талдоо, тышкы жана ички аудит жааттарында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган. Студенттер экономикалык жана финансылык маалымат менен натыйжалуу иштөөнү; негизделген башкаруучулук, финансылык жана уюштуруучулук чечимдерди кабыл алууну; уюмдардын ишмердигинин натыйжаларына комплекстүү баа берүүнү үйрөнүшөт. Күндүзгү-сырттан окуу формасында сабактар аралыктан онлайн технологияларды жарым-жартылай колдонуу менен өткөрүлөт, ал эми аралык аттестациялар (сессиялар) жана бүтүрүү квалификациялык ишин коргоо университетте көзмө-көз өткөрүлөт.











