Окуу программасы жөнүндө
«Дүйнөлүк экономика жана эл аралык рыноктор» билим берүү программасы өндүрүш ишканаларынын жана финансылык уюмдардын тышкы экономикалык ишмердигин өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөрдү жана тобокелдиктерди аныктай алган, товардык жана финансылык рыноктордун конъюнктурасын талдоо көндүмдөрүнө ээ болгон, компанияларды интернационалдаштыруу стратегияларын иштеп чыга алган адис-аналитиктерди даярдайт. «Дүйнөлүк экономика жана эл аралык рыноктор» профилин «Экономика» багытынын студенттери 2-курста тандашат.











