Окуу программасы жөнүндө
«Туризм индустриясында уюштуруу жана башкаруу» билим берүү программасы туризм чөйрөсү үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталган. Алар туристтик кызмат көрсөтүү, туристтик продуктуну иштеп чыгуу, илгерилетүү жана сатуу боюнча адистер катары, ошондой эле туризм индустриясынын ишканаларында комплекстүү тейлөөнү уюштуруу жаатында ийгиликтүү иштей алышат. Программа кесиптик өсүүгө жана келечекте орто жана жогорку звенодогу жетекчи катары карьера курууга мүмкүнчүлүк берет. «Туризм» багытынын студенттери «Туризм индустриясында уюштуруу жана башкаруу» профилин 2-курста тандашат.











